Бүгүн, 24-ноябрда президенттик кызматка расмий түрдө киришкен Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан социал-демократтар партиясындагы мүчөлүгүн токтотуу тууралуу арыз тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, арыз тапшырылган күндөн тарта КСДПнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун атынан же ага шилтеме берүү менен жасалган билдирүүлөр жана иш-аракеттер жараксыз деп эсептелинет.
Эскерте кетсек, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54,22 пайыз добушун алып, жеңишке жеткен.