СУПЕРСТАН: "Аялга кол көтөргөн эркек - эркек эмес"

SUPER.KG сайтынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялзатына кол көтөргөн эркектер тууралуу" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Аялзатына кол көтөргөн эркектерге кандай карайсыздар? Аларга кандай чараларды көрүш керек?" - деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Сөз жетпеген жерге муштум жетет" деген кеп бар. Азыр көпчүлүк кыздар жеңил ойлуу, түшүнүгү тар, Европанын кинолору, Латын Американын сериалдары менен чоңойгон. Аялдардын эркектен эмнеси кем деп чокчоңдоп кеп укпай өздөрүнө тилеп алышат. Аял өз ордун билип аялдай болсо, тилин он карыш кылып өзүнөн кетип калбай..."

"Акылдуу эркек аялын урбай эле тарбиялап алат. Кол көтөргөндөр - аялынан башка эч кимге күчү жетпегендер".

"Эркек деген миң корс болуп, кыйын болгону менен баары бир жаш баланыкындай мүнөзгө ээ. Эркекти алдап-соолап, "сен жакшы" деп туруш керек деп ойлойм. Анткени көпчүлүк аялдар күйөөсү менен тирешкенден улам келтек жешкенин көп көрөм, "дарт" десе "балээ" деп турса мен деле сабап салгым келсе керек".

"Айылда бир кишини билчүмүн аялын ура берип майып кылып койгон болчу. Кийин аны майып деп башкага үйлөндү. Анысын да чыркыратып сабачу. Азыр өзү башын кармай албай кечке титирей бере турган дартка чалдыгыптыр. Аялдын да убалы бар экенин унутпагыла, эркектер".

"Аялзатына кол көтөрүп жаткан эркек ошол учурда өз энесин, эжесин, карындашын ойлосо... Аялга кол көтөргөн эркек - эркек эмес".

"Аялды уруунун мааниси анын денесин оорутуу же көк ала кылуу эмес, балким, аялы "күйөөм мени урганчалык акыбалга жетип калдымбы?" деп ойлонуп, эсин жыйып, оңолуп, акылына акыл кошуусу болсо керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kyrgyz-patriotu
2017-11-24 21:22:50
Тушунук керек уй булодогу милдеттери боюнча. Аял аялдай болуш керек, коп нерсе тилден башталат. Айтып коёт эмеспи, тилди тыйсан балээден арылыптыр деп. Ошол нерсе бизди тушукусуз кылып жатат. Уруштун башын сурасан тил чыга келет, ошону учун ар бир нерсеге акыл калчап иш кылсак мындай корунуш болбойт го дейм. Аял жакшы эр жакшы , вазир жакшы хан жакшы. Жаманды жакшы кылган да аял, жакшыны жаман кылган да аял. Айымдар чычалабагыла. Сөз ээсин табат эмеспи.
0
barakcha
2017-11-24 22:37:37
Аялга кол которгон эркекке Кудай озу эле корсотуп койот.
+6
kechirmeni
2017-11-25 09:48:00
Эркек да жон урбаса керек, мени эмнеге уруп атат деп аял да ойлонуш керек,(мас болуп эч себеби жок ургандар башка). Шариятка туура келбеген иштерди жасаса, тилин бир карыш кылып тыйбаса, куйоосунун айтканын кылбаса,кызганууга повод берсе анда ал урганга татыктуу эле, албетте когала кылып майып кылуу эмес бирок сездирип коюу,жининне тийсе жакшы болбостугун тушундуруп коюу,кыскасын айтканда сенин келтегин ага дары болуш керек.
-1
Uulka9293
2017-11-25 21:37:24
kechirmeni,Шариятка туура келбеген нерселерди жасаса дейсиз....кол которуу, бетке уруу озу арам болуп саналат! Шарият чегинде чыбык менен бутка чаап койсо (зыян келбегидей, когортбой) болот (менин окуганым б.ча)
+3
barakcha
2017-11-25 23:23:32
kechirmeni,Аялын урган баардык эркектердин колу сынсын!Оомиин...
-2
kechirmeni
2017-11-25 11:24:20
Надо, Федя, надо! дегендей надо катын надо!
-1
Nibiru.
2017-11-25 19:14:01
Аялын урган эркек эркек эмес деп тимеле озунорду укмуш акылдуу эсептей бербесенер. Туура,жон эле ура берген болбойт. Бирок кээде эмдеп-домдоп койбосо аял кишинин шайтаны кобоюп кетет. Туз да,кыйыр да маанисинде. Айтканды укпай,озун-озу билип,отугун торго илип,оюна келгенди суйлоп,жылуу айтылган созду туура кабыл албай,коркуп жатат деген ойго жетеленип,мен куйоомду башкарам деген чолок акылы ботко аралаштырып,менен талкан чая берсе ушундайынан шакылдатсан,денеси ооругандан кийин жибектей созулсун
-2
Nibiru.
2017-11-25 19:16:45
Ушул супер инфо,коммент калтырганда пикиринди кенен айта турган кылып тамга койсонор болбойбу? Же эки ооз соз менен ойго келгенди шилеп сала бер дегенинерби? Кенен эле кылып койгула да обу жоктонбой. Жок дегенде мин тамга кылып.
+1
admin_superstan
2017-11-25 19:23:18
Nibiru., саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат.
0
Nibiru.
2017-11-25 19:21:21
Бирок тушунуктуу эмеспи. Бул жерге жалан жаштар,ою,пикири анча деле узак эместер кирет да.
-1
Parish
2017-11-26 17:13:15
Жакшы соз жан эргитет дегендей эле,аял
кишиге жылуу жакшы соз менен эле жоошутсан болот. Аялдар кулагы менен
суйушот.Эч качан кол которуу менен жээ
жаман создорду айтуу аларга жакпайт.
менин жекече ойюум аял кишиге кол которуу туура эмес.
+1
Nibiru.
2017-11-26 23:09:36
Parish,Сен эркексинби же кызсынбы? Кыз болсон тушунуктуу,а эгер эркек болсон уйлонгондон кийин коросун тамашаны. Оюн бат эле озгорот. Мага жуз пайыз ишенип кое бер.
0
Parish
2017-11-27 12:45:21
Nibiru., Бул жагынан сен али молодой экенсин аялына кол которуп омуру жене албайсын.Кайра очоштуруп аласын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан