Канат Жумагазиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.
Эске салсак, Канат Жумагазиев 1977-жылы 10-февраль күнү төрөлгөн. Ал 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин бүтүргөн. Жумагазиев Чүй облусунун ОИИББинин башчысы болуп эмгектенген.