Сооронбай Жээнбековдун Ак Үйгө багыт алган кортежин ээрчиген белгисиз унаа тууралуу ИИМ түшүндүрмө берди

Кечээ, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматына киришүү аземинен соң Ак Үйгө багыт алган кортежин ээрчиген белгисиз унаа жана анын милиция кызматкерлери тарабынан токтотулганы түшүп калган видео коомчулукта талкуу жаратты.

Ал видеодогу унааны айрым интернет колдонуучулары кортежди коштогон унаалардын бири десе, айрымдары анда эмнеге курал көрсөтүп токтотушат деген пикирлерин калтырышкан.

Аталган видео боюнча Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда ал унаа кортежди коштоп жүргөн унаалардын бири экенин айтты.

"Ал ак түстөгү Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жол тандабас унаа президенттин кортежин коштоп жүргөн. Бирок ал бир аз алысыраак жүрүүсү керек болчу. Аны аралыкты сакта деп токтотушкан. Негизи президенттин кортежи өтүп бара жатканда ага эч качан башка унаа кошула албайт, коопсуздук кызматкерлери тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлөт", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

Жээнбековдун кортежин ээрчиген белгисиз унааны курал менен токтотушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Isco23
2017-11-25 17:27:12
А мен бандит дедим эле
+3
shankol88
2017-11-25 18:20:43
Эмне болсода элди ептеп алап койуш оңойле болуп калды...
+12
futboler
2017-11-25 18:21:22
Алысыраак тууганы десе болмок
+11
beka1207
2017-11-25 18:42:03
Кортеж унаасын алысыраак жур,дистанция карма деп айтканы токтотууга милицияда дух да укук да жок болсо керек))))
Мен ишенбедим бул жерде бир сыр бардай...
+12
barakcha
2017-11-25 18:46:27
Админ мен эмнеге + - белгилей албайм???
+3
mir777
2017-11-25 19:18:38
Бийликтин бир да созуно ишенбейм. Ким экени кызык
+4
admin_superstan
2017-11-25 19:19:08
barakcha, саламатсызбы! Браузериңиздин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз.
0
anash
2017-11-25 19:17:49
bular eldi keleso oilot okwoi birdeme bolso untup kalipyz ozubuzduku dep...
+5
Aima94
2017-11-25 22:32:39
Наристени алдагандай ерунду чешут! Пусть лапшу на уши невешают XXXXX
-3
Ak_Bulut
2017-11-25 22:52:57
Бул джип дагы Бир "дерзкийдики" да, инаугурациядан Ак-Уйго чогу барабыз десе керекда, банкрот болуптур.
-1
Ak_Bulut
2017-11-25 23:00:57
Бабановго куттуктайын деп келетса токтотуп салышты. Же Атамбаевго болду узаттын Эми каяка деп токтотуштуго.
-1
orozova
2017-11-25 23:28:21
Бул бийликтегилер элди келесо ойлошот окшойт алдап койсок ишенет деп.Канча кортеж м.н келишин кун мурунтан эле билишетда.Же саясаттын сасык ойуну.
-1
Goodyer
2017-11-26 02:04:10
Кыргыз бийлиги атамбаевтин тушунда аябай эле баркы кеткен бийлик болду
+1
Kunduz91
2017-11-26 05:13:13
Жолдун тегиздигин кара.жалтырайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан