Каржы министри менен Улуттук банктын төрагасы салык-бюджеттик саясат тууралуу талкуулашты

Каржы министри Адылбек Касымалиев менен Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун катышуусунда мекемелер аралык координациялык кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында ноябрь айында жүргүзүлгөн насыя жана салык-бюджеттик саясаты тууралуу талкууланды. Ошондой эле учурдагы айга республикалык бюджеттин кирешесине жана чыгашасына Улуттук банкындагы эсептерде акча калдыктарынын өзгөрүшүнүн болжолу жөнүндө сөз болду. Мындан тышкары мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун пландаштырылган көлөмү талкууга алынды. Жыйындын натыйжасында жылдын аягына чейин бул багыттарда макулдашылган иш-аракеттерди жасоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, салык-бюджет саясаттары боюнча чаралардын макулдашуунун негизинде ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында 2010-жылы Улуттук банк менен Каржы министрлиги тарабынан мекемелер аралык координациялык кеңеш түзүлгөн. Кеңештин отурумдары мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан