Айыл чарба министрлиги: “Дыйкандарга саатына 2,5 тонна үрөн тазалоочу 33 техника берилди”

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин демилгеси менен Япония өкмөтүнүн гранттык эсебинен жана Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоору аркылуу дыйкандарга дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн тазалоочу заманбап 33 техника берилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйкандарына 20, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына 13 техника берилди. Орусиядан алынып келген үрөн тазалоочу машина саатына 2,5 тонна үрөн тазалайт. Техниканы тапшыруу боюнча иш-чарага өкмөттүн агро өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Далбаев, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев, Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ямамура Ёсехиро жана республиканын аймактарынан келген дыйкан фермерлер катышты. Жыйын техникаларды иштетүүнү дыйкан, фермерлерге үйрөтүү, окутуу менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан