25-ноябрда Орус президенти Владимир Путин чет жактан каржыланган маалымат каражаттарын “чет элдик агент” катары тааный турган мыйзамга кол койду. Мындай маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Белгилей кетсек, Орусиянын мамлекеттик думасы бул мыйзамды 15-ноябрда үчүнчү окуудан соң кабыл алган. Ал эми экинчи окууда чет жактан каржыланган маалымат булактарын “чет элдик агент” катары таануу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталган. Тактап айтканда, айрым адистер муну орус журналисттеринин АКШда куугунтукталып жатканына орус бийлигинин жообу катары сыпатташкан.
Айрым маалыматтар боюнча, Орусияда кайсы маалымат каражаттары “чет элдик агент” катары тааныла турганын Юстиция министрлиги жакынкы күндөрү аныктамакчы.