Мындан 4 жыл мурун лыжа тээп баратып жыгылып, оор жаракат алган "Формула-1" жарышынын 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахер ушул убакка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда. 4 жылдан бери анын үй-бүлөсү, жакындары жана күйөрмандары медициналык керемет болуп кетеринен үмүттөнүп келишүүдө.
Спортчунун 20 жаштагы кызы Жина Шумахер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына эки сап билдирүү жазды. "Бул жашоодо бир гана бакыт бар - сүйүү жана сүйүктүүлөрдөн болуу". Атасына арнап жазган бул постту #КүрөшүүнүУлант деген хэштег менен коштогон.
Учурда Михаэль Шумахер жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, күйөрмандардын элесинде келишимдүү бойдон сакталуу Шумахердин салмагы учурда 45 гана килограмм.
4 жылдык реабилитациялоо аралыгында спортчуга 2 ирет нейрохирургиялык операция жасалган. Ал эми анын үй-бүлөсү ушул убакка чейин болжол менен 16 миллион доллар сарптаганы маалым. Мындан тышкары Шумахердин үй-бүлөсү дары-дармекке каражат кылуу үчүн Норвегиядагы үйүн жана жеке учагын сатууга аргасыз болушкан.