Эрдоган: "Коррупционер экеним далилденсе кызматтан кетем"

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аталган өлкөнүн оппозиция партиясынын өкүлү Кемаль Кылычдароглунун айткандарына жооп кайтарып, эгер коррупционер экени далилденсе кызматынан баш тарта тургандыгын айтты.

"Эгер силерде далил болсо көрсөткүлө, анан мен жооп берем. Эгер андай болбосо менин атымды булгаганыңар үчүн кечирим сурагыла. Же Кемаль Кылычдароглу менин кайсы банкта эсептик счётум бар экенин далилдесин, далилдей албаса саясаттан кетсин. Эгер далилдесе, анда мен өзүмдүн кызматымдан кетем", - деген ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Кылычдароглу учурдагы президент Тайип Эрдоганды жана анын балдарын миллиондогон акчаларды өз эсебине которуп алышканы үчүн айыптап, байлыктарын элге ачыктоосун талап кылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан