Испаниянын Адехе шаарындагы түнкү клубдардын биринин полу дискотека учурунда түшүп кеткен. Мунун айынан жабыр тарткан адамдардын саны 40ка жакындап калганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя 26-ноябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:30да катталган. Анда эс алуучулар бий аянтчасында бийлеп жатышкан мезгилде пол болжол менен 1 кабат бийиктиктен ылдыйга түшүп кеткен. Мындан улам 40ка жакын адам жаракат алып, ооруканага жаткырылышкан. Аталган аймактын мэринин айтымында, алардын ден соолуктары канааттандырарлык.
"Учурда куткаруучулар окуя болгон жерди дагы да болсо текшеришүүдө. Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын соттук териштирүү иштери жүргүзүлөт", - деген ал.