Бүгүн Жогорку Кеңештин агрардык комитети ЕАЭБ алкагындагы чек ара маселелерине байланыштуу мыйзам долбоорун карайт

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети ЕАЭБдин алкагындагы милдеттенмелерди аткаруу жана карантиндик, фитосанитардык көзөмөлдүн акыбалы жөнүндө мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, эл өкүлдөрү тийиштүү комитетте Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон өлкөлөрдөгү милдеттенмелердин аткарылышы, карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн абалын талкуулашат. Баяндаманы айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана Өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин директору Амангелди Исаев жасашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан