Өзбекстанда онлайн аукциондо VIP-автономерлер 14.4 миллиард сумга сатылды. Бул сумма 1.78 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Өзбекстандын соода биржасынан маалымдашкандай, үч сандан турган автомобиль номурларынын баштапкы баасы эки миң доллардан башталат. Бүгүнкү күнгө карата өзгөчө комбинациядагы 684 автономер 1.78 миллион долларга сатылып бүттү. Сатып алуучулардын көбү Ташкентте жашаган тургундар.