4 күнгө созулган "Тёплые Ключи" эс алуу жайынын аймагындагы өрт толугу менен өчүрүлдү

Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл өкмөтүндөгү тоонун чокусун каптаган өрт кечээ, 26-ноябрда саат 13:45те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына таянсак, 23-ноябрда саат 15:15 чамасында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн "Тёплые Ключи" эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабында тоонун чокусундагы куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган. 4 күнгө созулган өрттү өчүрүүгө Аламүдүн райондук өрт өчүрүү кызматынын 35 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Тилсиз жоонун кесепетинен 40 гектарга жакын куураган чөп жана арчалар күйүп кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Isco23
2017-11-27 10:11:19
Мен айтуам 2 кун чыдасанар кар мн очот деп. Дагы толугу мн очурулду дешет
+2
aerforce
2017-11-27 10:25:22
жамгыр очурдуда канчалаган осумдук куйуп кетти бадалдар
+5
tram-lam
2017-11-27 12:33:54
Дарактарды кесип сатып ийип туруп орттоп ийди болуш керек е? Озунон-озу орттончу ысык мезгил эмес го азыр.
+3
Ulan2601
2017-11-27 13:25:39
Жамгыр кар жаап калды бактыбызга десенер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан