Жыл башынан бери өлкө аймагында 40ка жакын ФАП салынды

Жыл башынан бери өлкө аймагында 40ка жакын ФАП салынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ФАПтар эл аралык фонддордун колдоосу менен курулуп жатат.

"Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Жекенди жана Шибээ айылдарында жаңы фельдшердик-акушердик пункттар (ФАП) салынып, колдонууга берилгени жатат. Буга чейин 3 миңге жакын калк жашаган Шибээ айылында бир да ФАП жок болгон. Ал эми Карамык, Кара-Тейит, Жекендидеги ФАПтар жаздагы жер титирөөдө жабыркаган болчу. Ошондой эле Сузак районунун Благовещенко айылында жаңы ФАП колдонууга берилет", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан