Бүгүн, 27-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарды. Наам "элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн" деп берилди.
Жээнбеков 24-ноябрда кызматка киришип жатып эӊ биринчи жарлыгы Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүү жөнүндө болорун айткан эле, сөзүнө турду. Эми шайлоо алдында элге берген убадалар боюнча да сөзүндө туруусу керек.
Демократиялык баалуулуктарды коргоо, коррупция менен күрөшүү, кылмыштуулукту азайтуу, айлыктарды көтөрүү, аймактарды өзгөчөлүктөрүнө жараша өнүктүрүү, анын негизинде жумушчу күчтүн сыртка агылышын токтотуу өӊдүү убадаларга да Атамбаевге берген убадасындай бекем тура алабы?
2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаевдин президент катары биринчи жарлыгы өзүнүн премьер-министрлик ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө болгон. Жарлыкка ылайык, өкмөт отставкага кетип, ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов министрлер кабинетин убактылуу жетектөөнү колго алган. Башка өлкөлөрдө, мисалы, 2016-жылдын 4-декабрында президент болуп шайланган Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзийоев биринчи жарлыгы менен 27 өлкөнүн жарандары үчүн визалык режимди жоюп, көп жылдар бою “жабык” өлкө катары кабылданып келген Өзбекстанга туристтер үчүн эшик ачкан. Расмий маалыматтарга таянсак, 2017-жылы Өзбекстанга барган туристтердин саны 18 пайызга чейин өстү. 2017-жылдын 7-июлунда Монголиянын президенттигине шайланган Халтмаагийн Баттулга биринчи жарлыгы менен Монголияда өрттөнүп жаткан аймакка аскердик күч тартууга уруксат берген. Кыргызда деле күйүп жаткан иштер көп. Ошондуктан Кыргыз-Казак кризиси чечилбей, жол кырсыктары өсүп жаткан убакта Жээнбековдун досун сыйлоо жарлыгы эки ача пикирлерди жаратты.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн премьер-министр Сапар Исаковду, спикер Дастан Жумабековду жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны кабыл алды. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев бардык шартты түзүп койгонун, эми иштөө гана керектигин айтты. Жээнбеков командасына кимдерди чакырат? Буга чейин премьер-министр Сапар Исаковдун басымдуу бөлүгү жаштардан турган команда түзгөнү алкоого татыган. Мындай салтты Жээнбеков улантабы? Бүгүн президент 31 жаштагы Эрнис Толтоевди өзүнө жардамчы кылып дайындады. Толтоев Жээнбековдун премьер кезинде жардамсычы болгон, Ош шаардык кеӊешинин депутаты. Ал эми мурдагы айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчылыгына дайындалды. 2011-жылы кызматка жаӊы киришкен Алмазбек Атамбаев жогорудагы кызматка "бакиевчи губернатор" деп сындалып жүргөн Аалы Карашевди дайындаган. Жээнбеков жалаӊ КСДПнын ишенимине кирген кадрлар менен чектелип калбай, президенттик шайлоодо көпчүлүк баа берген Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков өӊдүүлөрдү командасына тартабы, күзөтө туралы...
Өлкөдө 2 күндө 11 адам жол кырсыгынан каза тапты. Муфтият буйрук чыгарып, мечиттерде молдолор жарандарга жол коопсуздугу жаатында насаат кыла баштаганы белгилүү болду. Эл көп чогулган жерде кеп-кеӊеш айтуудан абал кескин жакшырып кетпесе да пайдасы тийиши мүмкүн.
Коопсуздук эрежелери, адам өмүрүн, мыйзамды сыйлоо тарбиясы мечитте эле эмес, коомубузда ар бир жаранга бала бакчадан эле түшүндүрүлүп баштай турган баалуулуктар. Мындай тарбиялык иштер бала бакча, мектеп, орто, жогорку окуу жайлар, базар, талаа, парламент, өкмөт, Ак үй, Көк үйдүн бардык деңгээлинде жүргүзүлүүсү шарт.
Түшүндүрүү иштерине чейин жарандарга айдоочулук күбөлүк берүүчү, жол коопсуздугун көмөлдөөчү, эреже бузгандарды тартипке салуучу тармактарда реформа жүргүзүп, ал тармактардагы коррупцияны жоюп, мыйзамдын бийлигин орнотуу маанилүү жана эффективдүү...
24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына экс-президент Роза Отунбаева катышкан эмес. Коомчулук ал күнү Отунбаеваны чакырбай коюштубу же өзү келбей койдубу деген суроого жооп таппай убара тарткан. Эртеси президенттик аппараттын "Отунбаева чакырылган эмес, унутулуп калыптыр" деген жообу көпчүлүктү таң калтырды. Отунбаева - Кыргыз Республикасын абдан опурталдуу учурда башкарып, мамлекеттик бийликти калыбына келтирүүгө салым кошкон, эл аралык коомчулукта өлкөнүн имиджин түшүрүп жибербей алакаларды жолго салып кеткен тарыхый инсан. Инаугурация - бийликтеги айрым адамдардын жеке салтанаты эмес. Ал - мамлекеттик маанилүү иш-чара. Андай салтанаттын катышуучулары кайсы бир адамдардын маанайына же мамилесине жараша эмес, мамлекетке кошкон салымына жараша аныкталуусу зарыл.
Роза Отунбаева өзү да салтанатка чакырылбаганын, чакырылган күндө деле катышмак эместигин билдирди. "Атамбаев да, Жээнбеков да биздин далыбызды тепсеп өтүп бийликке келген адамдар. Биздин жолдоштор Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Дүйшөн Чотонов азыр түрмөдө отурушат. Мен кайсы арыма ошол жерге барып жыргап отурат элем?" - деди Отунбаева. Адахан Мадумаров менен учурда бийликтеги бир ууч топту кошпогондо, өлкөнүн жүз миңдеген жараны Роза Отунбаеваны мамлекетти оор күндөрдө башкарган, мамлекет катары сактап калган экс-президент деп билет. Тарых азгантай топтун каалоосу менен өзгөрүлүп кетпейт. Ал элдин эсинде сакталат...