Депутат өкмөткө талаштуу Кыргыз-Өзбек чек арасынын канча чакырымы такталбай турганын эскертти

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өлкөнүн 2017-2018-жылдарга карата бюджетин карап жатат. Депутат Төрөбай Зулпукаров бюджеттеги чек ара маселесине каралган каражаттарга көңүл буруп, учурда Кыргыз-Өзбек чек арасындагы талаштуу аймактардын көбүндө маселе чечилгенин айтты.

"Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы чечилди. Учурда 300 чакырымга жакын эле такталбаган аймак калды. Эки элдин достугун бекемдөө үчүн өткөн жылы чек арага 10 миллион сом техникалык жумуштарга каралган. Бул жылы чечилген чек ара аймактарына дагы акча каралабы?” - деп сурады Зулпукаров.

Каржы министри Адылбек Касымалиев бул жылы чек ара кызматы зарыл болгон жумуштарына бюджеттен кошумча акча карап берүүгө даяр экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан