Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда өлкөнүн 2017-2018-жылдарга карата бюджети каралып жатат. Анда депутат Таалайбек Масабиров Каржы министрлигинен Дене тарбия жана спорт агенттигине болгон карызын тез арада төлөп берүүсүн талап кылды.
"Акыркы эки жылда аталган агенттикке болгон карыздын суммасы 20 миллион сомго жетти. Бул каражаттын баары спортчулардын эл аралык мелдештерге барып келүүсүнө, иш сапарларына жумшала турган акча. Айрым учурда спортчулар өздөрү билет сатып алууга аргасыз болууда. Жыл аяктап жатат, сиздер бул каражатты төлөп бере элексиздер. Алар сотко кайрылганы жатышыптыр. Бул мамлекеттик мекеме болгондон кийин төлөп беришиңиздер керек”, - деди Масабиров.