26-ноябрь күнү Алай районунда болгон жол кырсыгынан 3 адам мерт кеткен. Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, жол кырсыгы Ош-Эркеч-Там унаа жолунун 54-чакырымында катталган. Анда айдоочу Лексус ЛХ 470 үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, натыйжада машина оодарылып кеткен.
Кырсыктан каза болгондор Ош шаарынын тургундары жана бир туугандар болушкан. Кырсыктын кесепетинен Ош шаардык Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктуу каттоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси 1966-жылы туулган Тяншанбек Марифов жана эки иниси 1968-жылы туулган Арабидин Марифов жана 1969-жылы туулган Шарабидин Марифов каза болушкан.
Ш.Марифов Мамлекеттик бажы кызматынын "Түндүк" ыкчам бажысынын башчысынын орун басары болуп иштечү.
Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик каттоо жана Мамлекеттик бажы кызматтары тастыкташты.