"2026-жылы "Кумтөр" кени толук ишин токтотот" деп бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди. ал "Кумтөрдүн" өлкөнүн ички дүң продукциясындагы үлүшү 7-8 пайызын түзөрүн айтып, өкмөт "Кумтөрдүн" жабылышына карата бюджеттин камын эмитен көрүп баштаганын билдирди.
"2026-жылы "Кумтөр" жабылат. Өкмөт учурда "Жер-Үй" алтын кени боюнча иштеп жатат. Учурда курулуштар башталганы жатат. Мындан тышкары алтын кен боюнча биргелешкен долбоор бар. Булар 2026-жылга чейин курулуп, "Кумтөрдүн" ордун басат", - деди Абдыгулов.
Депутат Улан Примов өлкөнүн бюджети бир ишканадан түшө турган кирешеге көз каранды болуп калбашы керектигин айтып, өкмөттөн өлкөдөгү өндүрүш тармагын колго алууну сурады.
"Тилекке каршы, биздин экономика "Кумтөргө" көз каранды болуп жатат. Өндүрүш тармагы жок. Мен сунуш кылат элем: 500 миллион сом өндүрүш тармагына бюджеттен карап, экономиканы колго алуу керек. Өндүрүш тармагын көтөрүп, экономикалык көз карандысыздыкка жетишүүбүз шарт", - деди Примов.