Бүгүн, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткендигин ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Качып кеткен 4 киши “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип кармалышкан. Азыркы тапта ИИМдин жана Чүй ОИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлери качып кеткен кылмышка шектүүлөрдү издөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Ал эми Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланды”, - деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.
Бүгүн, 27-ноябрь күнү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан “Каракчылык”, “киши өлтүрүү” беренелери боюнча айыпталган 4 киши качып кеткен. Качып кеткен кылмышка шектүүлөр төмөнкүлөр:
1. Аты-жөнү: Базаркулов Рамиль Муктарбекович
Туулган жери: Чүй облусу, Сокулук району
Туулган жылы, күнү: 1967-жыл, 16-июль
Качарда кийген кийимдери: кара түстөгү шым, жеңи жок күрмө, бут кийим. “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталып жаткан.
2. Аты-жөнү: Ачылдурдиев Багтият Турдукулович
Туулган жери: Түркмөнстан өлкөсү
Туулган жылы, күнү: 1985-жыл, 22-январь
Качарда кийген кийими: ак түстөгү кепка, көк түстөгү жинсы күрмө. “Каракчылык”, “документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу”, “мулктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери боюнча шектелип жаткан.
3. Аты-жөнү: Дилдешов Бакыт Чыныбекович
Туулган жери: Талас облусу
Туулган жылы, күнү: 1979-жыл, 4-март
Качарда кийген кийими: кара түстөгү топу жана күрмө. “Каракчылык” беренеси боюнча айыпталып жаткан.
4. Аты-жөнү: Жанботоев Кайрат Байызбекович
Туулган жери: Чүй облусу
Туулган жылы, күнү: 1989-жыл, 23-сентябрь
Качарда кийген кийими: кара түстөгү жеңи жок күрмө. “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталып жаткан.
Эгерде сүрөттөгү адамдарды көргөндөр же кандайдыр бир маалыматы бар адамдар болсо: 0312 43-88-91, 0312 43-88-85 номерлери аркылуу Чүй ОИИББине же ИИМдин 0312 66-23-31 нөөмөт бөлүмүнө байланышып, маалымат айтса болот.