2018-2040-жылга карата стратегиялык планда эмнеге басым жасала турганы белгилүү болду

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте 2018-2040-жылдарга карата өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясына арналган брифинг өттү. Анда президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана өнүктүрүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова стратегиялык пландын артыкчылыктарына жана зарылдыгына токтолду.

"2013-2017-стратегиялык планды ишке ашырууда, өлкөдөгү туруктуулукка жана коопсуздукка көп көңүл бурулган болсо, 2018-2040-жылга карата стратегиялык планда адам факторун өнүктүрүү жагына көңүл бурулган. Анда жумуш орундарын түзүп, бардык региондорду бирдей өнүктүрүү, экспорттук потенциалды жогорулатуу менен элдин татыктуу жашоосуна шарттарды түзүп берүү жагы каралган. Билим берүү, адам укуктарынын сакталышы да эске алынган", - деди Ахметова.

"Таза Коом" программасынын алкагында 2040-жылга карата стратегиялык пландын негизинде учурда жакынкы 5 жылга карата программа иштелип жатат. Анда таза суу, ирригация, энергетика, өнөр жай сыяктуу ири долбоорлор киргизилет", - деп кошумчалады Ахметова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан