2018-2040-жылдарга карата өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык планга каалоочулар өздөрүнүн сунуштарын, ойлорун берсе болот

2018-2040-жылдарга карата өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык планга каалоочулар өздөрүнүн сунуштарын, ойлорун берсе болот. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда маалымат жыйынында президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана өнүктүрүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова билдирди.

"Өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык планды талкуулоого бизнес өкүлдөрү, илимпоздор, жаштар, эмгек мигранттары тартылат. Биз сөзсүз өлкөнүн аймактарына да барабыз. Стратегия өкмөттүн жана президенттин сайттарына илинген. Биз жарандардын бул документ менен таанышып, өз ойлорун билдиришин каалайбыз", - деди Ахметова.

Мындан тышкары ал өкмөт бул пландын үстүнөн дагы иштей турганын айтты.

"Өкмөт стратегиялык планга киргизилген бардык конкреттүү долбоорлорду дыкат иликтеп чыгат. Биринчи этапка жакынкы 5 жылда ишке ашуучу долбоорлор кирет", - деди Ахметова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pamirlan
2017-11-27 17:35:01
Корупсияны жойуш керек.
0
suban78
2017-11-27 17:54:24
Люстрация жана дагы мин мертебе люстрация. Ансыз Кыргызстан жок болуп кетет.
0
Valley.of.the.Wolves
2017-11-27 18:01:03
Англис тили КРда официальдуу тилге кошулсун!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан