Турдуназир Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Турдуназир Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Турдуназир Бекбоев 1961-жылдын 14-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Урумбаш айылында туулган. Жогорку билимдүү. Көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштеген. 2009-2010-жылдары Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары, 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын октябрына чейин айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри кызматын аркалаган. 2016-жылдын 18-ноябрында Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгон убагында аны өзүнө кеңешчи кылып дайындаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан