"Борис Ельцин Аскар Акаевдин башын кашык менен ургулаган эмес". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, коомдо чын-калпы белгисиз айтылып жүргөн окуя Ысык-Көлдө 1990-жылдарынын башында болгон. "Ал кезде мен ички иштер министри болчумун. Кечки банкет учурунда комуздун күүсү жаңырып башталганда, Ельцин ордунан тура калып, эки кашыкты кармап, обонго ылайык ургулап кирди. Башында ал өзүнүн тизелерин, андан соң столду, кийин башка буюмдарды... Ошол эле учурда жанында отурган адамдардын баштарын көздөй да кашык менен шилтеп жиберди. Сол жагында отурган Акаев жана оң жагында отурган дагы башка адам башын эңкейте калышкан, ошон үчүн кашык алардын баштарына тийген эмес. Ельцин Акаевдин башын кашык менен ургулабаганын өз көзүм менен көргөм.
Ушул сыяктуу эле окуя Ташкенттеги кечеде да болгон. Обон жаңырып баштаганда, Ельцин кашыктарды колуна алганда, жанында отурган Каримов менен Назарбаев дароо андан коопсуз аралыкка жылышкан. Ельциндин мындай адатын бүт дүйнө билет, бирок ал эч качан эч кимдин башына кашык менен ойногон эмес. Ошондуктан "биз көз карандысыз болуп, эми эч кимге башыбызды кашык менен ургулоого жол бербейбиз" деп кооздоп сүйлөө туура эмес", - деп эсептейт Кулов.
Ал эми Грузиянын экс-премьер-министри Тенгиз Сигуа Ф.Кулов айткан Ташкенттеги окуя тууралуу башкача пикирде. "1992-жылдын май айы. Ташкентте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин саммити аяктап, ресторанда кече уюштурулган. Ортодо Орусиянын башчысы отурган. Эки жагынан Назарбаев жана Каримов жай алышкан. Ельцин көп ичип жатканын байкагам. Бий башталганда ал ордунан турду да, жыгач кашыктарды алып президенттердин башын ургулаган. Жанындагы биринин да, экинчисинин да. Бул жагында Каримов, экинчи тарабында Назарбаев. Муну баары көрүп нес болуп калышкан. Назарбаев тура калып орус тилинде катуу урушкан. Ельцинди уруп салбасын деп мен аны кармап калгам", - деп Сигуа орус басылмаларынын бирине берген маегинде айтып берген.
Эске салсак, быйылкы жылы Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышып, баяндаманын соңун Кыргызда өтүүчү президенттик шайлоого карата кайрылуу жасоого арнаган. "... Бир аз күндөн кийин кыргыздар өз ажосун шайлайт. Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун! Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун! Алданбагыла акчага! Алданбагыла бал сөзгө! Алданбагыла алдамчы көзгө!" - деген Атамбаев.