Бишкектеги Улуттук госпиталдын хирургдары уникалдуу операция жасашты. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Хирургдар жаш бейтаптын чоң кан тамырынын жүрөккө жакын бөлүгүндө уюп калган канды жок кылышкан. Уюган кан чоң тамырдын төмөнкү жылчыкчасында жайгашып, боор тамырынын деңгээлинен жогору орун алган. Мындай учурлар өтө сейрек кездешет. Анын уникалдуулугу - тобокелдин чоңдугуна карабай ийгиликтүү аякташы. Уюган кан турган жеринен козголуп, кайсы учур болбосун өпкө тамырларын жаап калышы мүмкүн болчу. Анын жыйынтыгы өлүмгө же майыптыкка жеткирмек. Бирок консилиумдун чечими менен операция кылуу жыйынтыгына келишкен", - деп айтылат аталган министрликтин маалыматында.