Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп жүргөн эмгек мигранттары боюнча маселе каралды. Анын жүрүшүндө депутат Алмазбек Токторов Өкмөттүн алдындагы миграция кызматы чет жактагы жарандарга жетиштүү деңгээлде кам көрбөй жатканын айтып, миграция кызматынын жумушун жетишсиз деп табуу боюнча сунуш берди.
"Мен Миграция кызматынын жумушун жетишсиз деп табууну сунуштайм. Бул бир эле депутат катары менин каалоом эмес, бул чет жактагы жүз миңдеген мигранттардын каалоосу. Биз чет жактагы мекендештер менен жолугуштук, алар аябай нааразы, ачууланып кыйкыргандар болду", - деди Токторов.
Эл өкүлү бул сунушун комитеттин чечимине киргизип кароону суранды.