Бишкектин "Фучик" сейил багындагы жайкы кинотеатр муниципалдык менчикке өттү

Бишкектин "Фучик" сейил багындагы жайкы кинотеатр муниципалдык менчикке өттү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жогорку Сот бүгүн аталган сейил бактагы жайкы кинотеатрга байланыштуу ишти караган. Анын жыйынтыгында доо арызды жокко чыгаруу боюнча жайкы кинотеатрдын мурдагы ээси тарабынан берилген көзөмөл даттануу канааттандырылган эмес. Мындан улам биринчи жана экинчи инстанциядагы соттун чечимдери күчүндө калып, жайкы кинотеатр Бишкек мэриясынын менчигине өткөрүлгөн.

"Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясы тарабынан Ю.Фучик атындагы сейил бакты реконструкция кылууга жана шарттарды түзүүгө байланыштуу иштер жүрүүдө. Ошондой эле экинчи этап менен жайкы кинотеатрды калыбына келтирүү жана ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарттарды түзүү боюнча маселе да каралат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
s.k.bakyt
2017-11-28 09:08:02
Ээлик кылам деген немени таштанды палигонуна алпарып салгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан