SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыз себи менен көрктүү" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Элибизде илгертеден бери келе жаткан кызды калың төлөп алуу, сеп берип узатуу салты бар. "Кыздын себи кандай келсе, барган жеринде баркы ошондой" деген да сөз бар. Негизи калың төлөп, сеп бергендин ордуна эки жашка турак жай жана аларга керектүү нерселерди эки жак ортодон чыгарып алып берип коюшса деген ойго кандай карайсыңар?" - деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кыргызда "Кыз нарксыз болсо да калыңсыз болбойт" деген сөз бар. Анын сыңарындай, аялды калың төлөп алуу эркектин биринчи милдети. Бул илгертеден эркектин кандай үй-бүлөдөн экенин, дареметин билдирип, кыздын келечектеги барар жерин айгинелеп, кадыр-баркын көрсөтүп турган. Мисалы, Кытайда ар ким өзү калың топтоп келин алат. Эгер өз бешене териң менен акча таап, келинчегиңдин калыңын төлөп берсең ошончо бактылуу, ынтымактуу болосуң. Кытайлар айтышат, "сатып алган буюмуңду абайлап асырагандай, өз келинчегиңди дагы ошондой асырайсың" деп".
"Калың берип, сеп алганга каршымын. Эң негизгиси эки жаш бактылуу болуп жашап кетишсе болду да".
"Калың алуу, сеп берүү - элибиздин үрп-адаты, ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт. Бирок үрп-адат, каада-салт деп эле кыргыздар баарын төгүп-чачып алып отуруп калышат. Бардык эле адам кем болгусу келбейт да, бири-бирин көрүп "мен ошончолук жокмунбу" деп кайра эле көбөйтүп салып жатышпайбы. Негизи ошондой салттардын кандай кереги бар? Андан көрө өзүңдүн алыңа жараша той өткөр, эки жаштын келечегине жакшы шарт түзүп бер, болду".
"Жаңы келген келиндин себи - абийирдүүлүк менен тазалык".
"Чындыгында эле кыздардын себине көп акча кетет. Бала жак калың берип кутулса, кыз жактын машакаты өтө көп. Майда-чүйдөсүнө чейин тигип, сатып алыш керек. Баарын эсептеп келгенде калыңга берген акчадан ашып түшөт. Калыңга көбүнчө чоң эмерек же турмушта керектелген техникалык каражаттарды сатып алып, акча оомийин болот. Калган майда-чүйдөлөрүнө дагы канчалаган акча сарпталат. Андыктан жигиттер, үйлөнгөндө көп-көп эле акча бере бергиле. Ошол акча кайра эле силердин үйүңөргө жумшалат".
"Кызга калың бербесе да ата-энеси ага сеп бериши керек деп ойлойм. Себеби кийин кыз ошол септи "апам жасаган, атам алып берген" деп барктап колдонот да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.