Бишкек шаардык мэриясы "Мыйзамсыз акча чогултканы үчүн билим берүүчү уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө" буйрук чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, акыркы убактарда Бишкектеги билим берүүчү уюмдардагы акча топтоо ата-энелер, коомчулук жана ММКлар тарабынан катуу талкууга алынган.
"Маселени ичинен карап келгенде чынында эле мектептердин ата-энелер, демөөрчүлөр тарабынан кошумча каржылоого муктаж экени түшүнүктүү болот. Бирок мектептин керектөөсүнүн бардыгын ата-энелерге жүктөп койбош керек. Жогорудагы буйруктун негизинде кандайдыр бир иш-чараларды, майрамдарды өткөрүүгө мугалимдер, класс жетекчилер жана окуучулар тарабынан акча чогултууга тыюу салынат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.