Түн ичинде Бишкектин бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүшү мүмкүн

28-ноябрга караган түнү саат 00:00дөн 05:00гө чейин “Кыргыздын улуттук электр тармагы” ишканасы жогорку вольттогу "Башкы-Кызыл-Аскер" аба электр чубалгысында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрь күнү "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Буга байланыштуу Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналы, Орозбеков, Щербаков, Элебесов көчөлөрү менен чектелген чарчыда;

Тоголок Молдо, Васильев, Жаш Гвардия, Саадаев, Фучик, Дэн Сяопин, Патрис Лумумба, Исанов, Баялинов көчөлөрүндө;

110-кварталда, Газ шаарчасында, Аскер шаарчасында, Достук кичи районунда;

Ак-Босого, Калыс-Ордо, Касым, Алтын-Ордо, Ак-Тилек, Красный Строитель конуштарында;

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Степное, Пригородное, Маевка айылдарында, Достук дачасында электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dina
2017-11-27 18:00:44
Тунундо ондошот бекен же обогреватель сайгандардан сактаныпбы))) кече туну да жок болгон. Бакиевдин лимити башталган жокпу иши кылып)))
+2
Batma08
2017-11-27 18:53:30
Дагы сизодогуларды качырса керекда
0
Azura
2017-11-27 23:54:27
Кечээ да түнү менен жок болду го свет, күндө жасайбы эми?
+1
aman0296
2017-11-29 00:46:08
Бугун да очту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан