“Түндүк электр” ишканасы: “Сокулукта кылмышкерлер камактан качкан түнү электр жарыгы өчкөн”

Сокулуктагы кылмышкерлер камактан качкан түнү электр жарыгы өчкөн. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти. Алардын маалыматына таянсак, кечээ, 26-ноябрь түнү саат 23:48ден тарта эртең мененки саат 7:00гө чейин кооптуу кырдаалдарга жараша Бишкек шаарынын көптөгөн аймактарында электр жарыгы өчкөн.

“Ал эми шамалдын кесепетинен улам түнкү саат 2де Сокулук РИИБи электр жарыгысыз калган. Бирок оңдоо иштери жүрүп, 13 мүнөттөн соң электр жарыгы кайра күйгөн. Андан кийин жарык өчкөн эмес. Камактагылар качкан убакта Сокулук РИИБинде электр жарыгы бар болгон”, - дейт аталган ишкананын басма сөз кызматкери Гуля Мураталиева.

Эске салсак бүгүн, 27-ноябрда таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан “каракчылык”, “адам өлтүрүү” беренелери боюнча айыпталган кылмышка шектүү 4 киши качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
maks94.kb
2017-11-27 18:13:31
Бизде дайыма өчүп калат
+3
aman0296
2017-11-27 18:15:55
4 киши качарда эле свет очуп калабы? Мистика го
+5
Дарыгер
2017-11-27 19:13:50
Мыскыл жана Тамаша болуп кетиптир го
+2
maks94.kb
2017-11-27 20:53:43
Шамал болуп свет очорун сүйлөшүп алган дебегиле эми уят болот былтыр да ушундай эле версия болгон эле
0
nurbekasr
2017-11-27 21:07:51
Анан да былтыркыдай колунда аш бычагы бар экен деп,жүрөгүңөр түшүп кетип атып жибербегиле.Кармасаңар да атбай нетбей кармагыла.Ал да бирөөнүн баласы же атасы.
+4
mir777
2017-11-27 22:34:14
Типо бироонун инисин олтурушкондор
+3
Malik92
2017-11-28 00:25:00
Жарыкты өчүрүп, качкандан кийин жандырышкан да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан