Сапар Исаков аялдарга карата зомбулук көрсөтүү көйгөйүн чечүү үчүн эмне кылуу керектигин айтты

Премьер-министр Сапар Исаков 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Бириккен улуттар уюмунун үйүндө өткөн «Гендердик зомбулукка каршы активдүү 16 күн» ар жылкы кампаниясынын ишке киргизилишине катышты.

Иш-чараны ачууда өкмөт башчы аталган акциянын өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, аялдарга жана балдарга карата зомбулук көрсөтүү көйгөйүн чечүү маселеси комплекстүү каралышы керек жана калктын коопсуздугу, коомдо зомбулукка жол бербөө, билимге жана инновацияларга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча компоненттерди камтуусу керек.

«Биз, жалпыбыз биргеликте ириде аталган көйгөйдү чечүүбүз керек. Зомбулукту жоюу менен өлкөбүздүн жаркын келечегин камсыздай алабыз. Алгач муну өзүбүздөн баштообуз керек», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр жарандарды аталган маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Мындан тышкары Сапар Исаков белгилегендей, «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашырууда өлкө жарандарынын жашоосун жакшыртууга шарт түзүлөт, аялдар жана кыздар үчүн билим жана инновацияларга карай жеткиликтүүлүк жакшырат, ошондой эле алардын экономикалык бакубаттуулугуна жол ачылат.

«Кыргыз мамлекети өз өнүгүүсүндө жаңы баскычка кадам таштоодо. Биз бир жыл бою «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашыруудабыз. Бул биздин өлкөнүн инновациялык келечеги. Аталган долбоорго жараша, биз коррупциясыз таза коомдо жашайбыз. Ошондой эле программа коопсуздук тутумун жакшыртууга багытталган. Аялзаты программаны ишке ашырууда анын жыйынтыгын гана сезбестен, долбоорго да өздөрү активдүү катыша алат», - деп белгиледи өкмөт башчы.

Сапар Исаков «Таза Коом» долбоорунун алкагында республикалык бюджеттин каражатын оптимизациялоого байланыштуу өкмөттө көлөмдүү каражатты социалдык маанилүү маселелерге, анын катарында аялдар жана балдарга карата зомбулук көйгөйүн чечүүгө багыттоо мүмкүнчүлүгү пайда болорун өзгөчө белгиледи.

Премьер-министр белгилегендей, аталган иш-чара алкагында айтылган бардык сунуштар тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, өкмөт көзөмөлүнө алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан