Жогорку Кеңеште орус тилинде баяндама жасаган сот департаментинин төрагасы депутаттан тил укту

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынында сот аткаруучуларынын ишине тийиштүү маселе каралып жатат. Анда расмий тилде баяндама жасаган сот департаментинин төрагасы Рустам Ибраимовго депутат Осмонбек Артыкбаев нааразы болду.

"Өкмөткө материалдарды даярдоо маселесин койсок. Анткени кыргыз тилин сыйлабаганыбыз - бул өзүбүздү, тарыхыбызды сыйлабагыныбыз. Кээде мыйзам долбоорлору расмий тилде келип калып жатат. Өкмөт буга чейин эле кыргыз тилине көңүл бурула турганын айткан. Ага ылайык, бардык мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүшү зарыл. Өкмөт ушул маселени карап чыгышы керек”, - деди Артыкбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bek.94
2017-11-28 11:19:43
Эң туура масале.
+14
Gena1
2017-11-28 11:26:35
100 пайыз кошулам. Ото туура маселени айтыптыр. Мамлекеттик тилди мамлекеттин жараны катары баарыбыз колдонуубуз керек. Осмонбек мырзага ыраазычылык билдиребиз.
+9
luuntik
2017-11-28 11:27:51
кыргыз тилин онуктуруш керек дейт, жогорку кызматта иштегендердин баары орусча суйлошот, кыргызча суйлосон кайра жаман корушот оздорун кыйын сезишип жооп бербей
+4
dina
2017-11-28 11:51:52
Исаковдун сотундагы кыргызча корсотмо бергенге соттор каршы болупаттыле, ырас кылыптыр
+2
asanova1984aida
2017-11-28 12:28:50
Эне тилди суйбогон,Элин суйуп жарытпайт,чык эшикке деш керек эле
+2
MUHLISA
2017-11-28 13:06:16
Туура эне тилде сүйлөш керек!
+2
kenjebek_a
2017-11-28 14:22:08
Осмонбек Артыкбаевке чоон ыраазычылык.
+1
Nurmat92
2017-11-28 22:32:17
Биздин көп кабаттуу үйдө бир корей улутундагы адам жашайт кыргызча сүйлөйт бирок акценти менен. Бир жолу орусча сүйлөп койсом "Кечиресиз мен орусча түшүнбөйм"-дейт уялып кеттим өзүм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан