Өлкөдө айыл статусу жок 408 калктуу конуш бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев билдирди.
"Өлкөдө 1850 калктуу конуш бар. Анын ичинен калк жашаган 408 конушта айылдын статусу жок. Азыр статус жоктугунан бир канча долбоорлор ишке ашпай жатат. Учурда Аксы районундагы бир эле Кашка-Суу айылындагы 5 калктуу конушка айыл статусун сурап жатабыз. Кашка-Суу айыл аймагында тогуз айыл бар, тогуз миңден ашуун калк жашайт”, - деди Салиев.
Депутаттар жалпы айыл статусу жок калктуу конуштардын маселесин чечүү жагын кароо зарыл экенин белгилеп, айыл статусун берүүдө атайын талаптарды иштеп чыгууну сунушташты.