Вице-премьер Толкунбек Абдыгулов: "Шайлоо заманбап технологиянын жардамы менен өтүшү бизге чоң сабак болду"

Бүгүн, 28-ноябрда Мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан “2017-жылы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоонун жыйынтыктары” аталыштагы коомдук диалогдо вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов сүйлөп, 2017-жылдагы президенттик шайлоо заманбап технологиянын жардамы менен өтүшү Кыргыз өлкөсү үчүн эң чоң сабак болгонун баса белгиледи.

Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо жумушчу топтун жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров буларга токтолду:

"Өзүм оппозициялык фракциянын өкүлү болсом да шайлоо демократиянын принциптери менен таза өткөнүн баса белгилеп кетким келет. Бирок кемчиликтер да болбой койгон жок. Мисалы, добуштарды сатып алуу боюнча маселелер жаралды. Кийинки шайлоодо ушул кемчиликтерди эске алып, бул боюнча мыйзам кабыл алууну сунуштайм", - деди Мирлан Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek83
2017-11-28 15:23:01
Эл суйлосо да экоон суйлобой эле койгулачы!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан