Ала-Букада жаштарды экстремизм жана терроризмден оолак болууга чакырган иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган райондо жарандарды, жаштарды туура багытка үндөө, башкача айтканда, коомчулукту диний экстремизмден жана терроризмден оолак кылуу максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жер-жерлерде профилактикалык чоң иш-чаралар өтүп жатат.
Ошондой эле жыйындар жөн гана докладдар менен чектелбестен жалпы район аймагындагы кылмыштуулуктун абалы, жаштар багытында коюлган пландар, жалпы коомчулук өздөрү кызыккан жана буга чейин көйгөй жараткан укуктук тариздеги суроолоруна жооп алышууда.