Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жылдык планынын негизинде аталган шаардагы мектептер арасында "Акылтай" сынагы өтөт. Анда окуучулар Рубиктин кубигин бат чогултуу боюнча күч сынашат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган башкармалыктын усулчусу Руслан Закиров билдирди.
"Буга чейин Ош шаарындагы мектептер арасында Рубиктин кубигин чогултуу боюнча таймаш өтүп, анда кубикти эң бат чогулткан 50дөн ашуун окуучуларды тандап алганбыз. Эми 30-ноябрда ошол тандоодон өткөн окуучулардын ичинен алдынкы үчөөнү аныктайлы деп турабыз. Ага 5-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары катышат. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер даярдалган. Сынакты уюштуруудагы негизги максатыбыз – окуучулардын убактысын пайдалуу нерселер менен өткөрүүгө багыттоо, алардын Рубиктин кубиги менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу", - деди ал.
Белгилей кетсек, "Рубиктин кубиги" оюнчугу венгриялык ойлоп табуучу жана скульптор Эрнё Рубик тарабынан ойлоп табылган.