Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде турак жай кодексине, администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталууда.
Депутат Дастан Бекешов: "Бир жыл мурун күнүмдүк ижарага берилүүчү батирлерге тыюу салынган. Ысык-Көл облусу сыяктуу туристтер көп келген аймактарда бул үйлөрүн ижарага берген жарандарга маселе жаратууда. Ошондуктан бул маселе кайра жаралып жатат", - деп айтты.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов күнүмдүк ижарага берилүүчү батирлерге тыюу салынган мыйзам аркылуу бир жылда 554 миң сомдон ашык каражат түшкөнүн айтууда. Ошондуктан батирлерди ижарага берүүдө өлкөнүн ар бир аймагында чектөө киргизүү ыңгайсыздык жарата турганын айтты.
Ал эми депутат Абдумажит Юсуров бул мыйзамды артка кайтарып, мурда кабыл алган батирлерди ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамды жокко чыгарууну сунуштады.