Башкы прокуратуранын өкүлү: "Шайлоо учурунда ММКларга жарыяланган макалаларды текшерип жаттык"
Бүгүн, 28-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “2017-жылы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоонун жыйынтыктары” аталыштагы коомдук диалогдо Башкы прокуратуранын өкүлү Залкар Акназаров шайлоо учурунда жарандардын арыздары өз убагында каралып жаткандыгына токтолду.
"Шайлоо учурунда Башкы прокуратура жарандар тарабынан түшкөн арыздарды өз учурунда карап, маселелерин чечип берип жатты. Мындан тышкары ММКларга жарыяланган макалалар текшерүүгө алынып, аларга юридикалык баа берилди. Үгүт иштери маалында ММКларга көбүнчө жарнамалык баннерлердин айрылышы же өрттөлүшү, добуш сатып алуу сыяктуу макалалар жарыяланып жатты. Баш аягы 65 макала текшерилип, анын негизинде 2 окуя боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзам бузгандар айыпка жыгылышты. Ал эми 16 иш тараптардын өз ара келишип алгандыгына байланыштуу кыскартылды" ,- деди Залкар Акназаров.