Бүгүн, 28-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “2017-жылы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоонун жыйынтыктары” аталышындагы коомдук диалогдун катышуучулары 3 топко бөлүнүп суроолорго жооп берүү, талкуулоо иштерине өттү. 1-топ мыйзам базаларын чыңдоо боюнча, 2-топ шайлоо комиссияларынын иштери боюнча, 3-топ шайлоо учурундагы чыр-чатактар жана алардын каралышы боюнча талкуулоо иштерин жүргүзүүдө.
3-топтун катышуучуларынын бири, Элдик кошуундун төрагасы Алга Кылычов:
"Шайлоо учурунда интернет айдыңында кайсы бир талапкерлердин жактоочулары аймактарга бөлүнүү, улуттар аралык кастыкты козутууларга жол берген билдирүүлөрдү жазып жатышты. Ошондой эле айрым президенттике талапкерлердин тарапташтары урналарды шылтоо кылып чыр чыгарып, милиция кызматкерлерине баш ийбеген фактылар катталды. Добуштарды сатып алууга аракеттер болду. Кийинки шайлоолордо ушуга окшогон маселелер дагы жаралбасы үчүн жазаны, жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштайм. Эмки шайлоолордо ушул маселелерди эске алсаңыздар", - деген сунушун БШКнын мүчөлөрүнө айтты.