Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматына Нурлан Ражабалиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Нурлан Ражабалиев буга чейин "Ош" бажысынын башчысы болуп иштеген.