"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "7-класстын окуучусун сабаган мугалимге кандай чара көрүлөрү жалпы педагогикалык кеңештин талкуусунан соң чечилет" дейт мектеп директору

"Нарын районундагы Жан-Булак айылынын орто мектебинде дене тарбия мугалими 7-класстын окуучусун сабап, мурдун сындырган" деп "Элдик кабарга" билдирген окурмандын маалыматы боюнча, аталган мектептин директору Майрамгүл Мусаевага байланышып, окуянын чоо-жайын сурадык.

"Окуя 26-ноябрь түндө катталыптыр. Аталган окуучу менен дене тарбия мугалими кошуна жашашчу. Чынында, чырдын башы эмнеден чыкканы тууралуу маалыматым жок, бирок мектепке тиешелүү эмес, жеке маселелерден улам башталса керек деп божомолдоп жатам. Негизи Р.Ж токтоо, андай жаман иш-аракеттерди жасабаган адистердин катарында болчу. Анын өзү менен байланышып, сураштыралы десем азыркыга чейин РИИБден чыга элек экен. Ал жактан чыкса, алгач өзү менен сүйлөшүп көрүп, андан соң жалпы педагогикалык кеңеш менен мугалимге карата кандай чара көрүлөрүн талкуулап, жыйынтык чыгарабыз. Мен жалгыз чечим чыгара албайм", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ermekbai
2017-11-28 16:27:03
Диндин жетишсиздигинен болгонго.
-7
tram-lam
2017-11-28 16:52:34
Ermekbai, динди аралаштырбагылачыыыы сураныч, жанагы, молдо жаш балдарды зордуктады деген кабар не диндин ашып кеткенинен болгонбу анда? Дин тут причем?
+15
kechirmeni
2017-11-28 16:33:38
Эми сотко жеткирбей эле чечишип алышкандары он,бирин бири ыраазы кылып, нары кошуна экен. Эч качан ГАИге,милицияга прокурорго, сотко ишин тушпосун да
+12
Totyua.71.
2017-11-28 17:00:56
Оз ара мамилелерине баланы аралаштырганы жаман болуптур...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан