SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Канчалык тууганчылсыз?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен үчүн апам менен атамдын бир туугандары гана тууган, андан аркы муун мени кызыктырбайт. Сылык түрдө учурашып турам, бирок ар кандай иш-чараларына катышпайм. А апам менен атам ашыкча тууганчыл. Мисалы, бирөө жарым кайтыш болуп кетсе, ал ким деп сурасам, баланчамдын түкүнчөсүнүн баланчасы деп түшүндүрүшү мүмкүн. Баш чирийт. Алар үчүн туулган айылы эле эмес, бүтүндөй ошол өрөөндүн жарымы тууган. Эми иликтеп отурса, адамзаттын баары бир тууган болуп чыгышы мүмкүн да. Бирок мен мындайга чыдабайм".
"Жакшылык, жамандыкта тууган-урук керек да. Мен тага журтка да, ата журтка да бирдей мамиле кылам. Үйгө туугандарыбыз келсе, сүйүнгөнүмдөн берерге эч нерсе таппай калам".
"Тууган-туушкандардын кадыры, көмөгү чоң жакшылык менен жамандыкта билинсе керек. Ата-энем тууганчылдардын катарын толуктайт деп ойлойм. Себеби үйдө кичи чогулуш деле "Көкөтөйдүн ашы" болуп кетет. Анан да бир туугандарым көп, апам ошол тууганы көп болсо экен деп бизди көп кылып Кудайдан белекке алган экен. Андыктан апамдын каалоосуна жараша туугандарды сыйлап өтөрмүн деген ниеттемин. Ата-энеме көчөдөн туугандарды көрүп калып салам айтпай өткөнүмдү алар арызданып калышса кадимкидей капа болуп кетишет. "Тиги тууганыңыз" деп койчу болсом андан бетер таарынышат".
"Үйгө алыскы туугандардан бирөө келип калса, мурдумду чүйрүп "качан кетет?" деп апама шыбырай берем. Жактырбайм такыр. Көчөдөн көрсөм, көрмөксөнгө салып өтүп кетем же башка жакка бурула коём".
"Туугандар тойдо топурашып сенин кубанычыңды тең бөлүшүп турса буга эмне жетсин. Айрыкча балдарыңдын ата журту болушу керек. Айылга барганымда тууган эле эмес башкалар деле балдарымдын жетишкендиктерин айтып өздөрүнчө кубанып, телевизордон көрүп сүйүнгөндөрүн айтып калышат. "Катышпасаң тууган дагы жат болот" дейт. Ошон үчүн ата журтуң болуш керек. Шаарда канча жыл жашасаң да, шаарда туулсаң да ата тегиң ким деп сурайт. "Ата тегин билбеген - кул" дешкен илгери. Ал эми кыз үчүн төркүн керек. Ата журт уул дебей, кыз дебей сени кандай адам болсоң ошондой кабыл алат. Сен таанымаксанга салсаң да сени көргөндө баланчанын кызы, баланчанын баласы чоңоюп калыптыр деп кубанат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.