Бүгүн, 28-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн “2017-жылы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоонун жыйынтыктары” аталыштагы коомдук диалогдун катышуучулары шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат алышты жана кийинки шайлоолордо эске алчу жагдайларды талкуулашты. Талкуу соңунда катышуучулар БШК мүчөлөрүнө өз сунуштарын айтышты.
Коомдук диалогдон соң БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди:
“Бүгүнкү коомдук диалог ойдогудай өттү. 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодогу жетишкендиктер, кемчиликтер, алдыда чечиле турган маселелер талкууланды. Эл аралык уюмдардын жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү да келип өз ойлорун айтышты. Негизинен шайлоодо заманбап технологияны колдонуу - өзүнүн жемишин берди. Эми ушул жетишкендиктерди сактап калуу үчүн шайлоо мыйзамдарынын кээ бир жерлерине өзгөртүү киргизиш керек болуп жатат. Ошол сунуштар бүгүн айтылды. БШКнын атайын тобу бүгүнкү келип түшкөн сунуш, пикирлерди талдап, анан Жогорку Кеңешке өзүбүздүн сунуштарды беребиз. Ал жерден эл өкүлдөрү кайсы сунуштарды жактырат, кайсынысын жактырбайт, аны убакыт көрсөтөт”, - деди Алмаз Асаналиев.