Жети бала менен суук батирде жашаган жалгыз бой эне: "Балдарың көп экен деп батирлерден чыгарып коюшат"

Ош шаарынан 11 жыл мурун Чүй облусуна жакшы жашоо издеп көчүп келген Жумагүл Мисиева учурда жардамга муктаж болууда. Ал 5 баласы жана 2 небереси менен батирде жашап жатканын айтып, турмуштун кыйынчылыгын тартканы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Менин 6 балам бар, жолдошум 8 жыл мурун каза болгон. Ортончу кызымды 9 жашында машина сүзүп кетип буту жана жамбашы сынган. Ооруканага алып барып санына операция жасатканбыз. Бир аз убакыт өтпөй кызымдын башы ооруп баштады. Ооруканага алып барсак, дарыгерлер "башына эт өсүп кеткен, операция жолу менен алуу керек" дешти. Бирок ага каражатыбыз жок болуп аны үйгө алып келе бердик. Кийин кызым турмушка чыгып, 2 кыздуу болду. Учурда турмушу болбой, жолдошу менен ажырашып мени менен чогуу жашайт. Ал эми 19 жаштагы 2-кызымдын талма оорусу (эпилепсия) бар. Эс-учун жоготуп, кулай берет. Мындан тышкары эки балам дагы баштары ооруп, дарыланууга муктаж", - дейт Мисиева.

Жумагүл Мисиева Чүй облусунун Ивановка айылына 11 жыл мурун Ош шаарынан көчүп келген. Ал азыр 47 жашта. Күйөөсү 8 жыл мурун курулуштагы кырсыктан улам жандандыруу бөлүмүндө 1 апта жатып, каза болгон. Жумагүл Мисиева өзү балдарын багуу үчүн ар кайсы жумуштарда иштеп, азыркы убакытта ден соолугуна байланыштуу иштей албай турган кези. Учурда ал күйөөдөн чыгып келген кызы менен кошо 5 баласы жана анын 2 кызы менен бирге 8 киши болуп, толук курулуп бүтө элек үйдүн бир бөлмөсүндө ай сайын 2 миң сом төлөп жашайт.

"Жаан жааганда чатырдан суу тамчылайт. Көмүр алууга чамабыз келбегендиктен, үй суук болгондо таштандыны үй жылытуу үчүн колдонгон күндөрүбүз да болду. Буга чейин башка батирде жашап келгенбиз. Анда 2 кичинекей бөлмө болчу, 3 ай мурун катуу шамалдан улам анын чатыры учуп кеткен. Башка батир издегенге аргасыз болдук. Айрым кожоюндар "сенин 6 балаң бар экен" деп батирин бербей койгон күндөр да болду", - дейт Жумагүл Мисиева.

"Ар түрдүү кыйын күндөрдү көрдүм. Үйдө азык-түлүк жок, чай демдейбиз, нан жок. Анысы аз келгенсип балдарым оорукчан. Кызым талма менен ооругандан улам бир күнү талмасы кармап эшиктен темирдин үстүнө жыгылып калды. Бир аз маанайы түшүп калса эле эси ооп жыгылып калат. Менин грыжам бар, аны дагы операция аркылуу дарылаш керек. Бирок баары каражатка келип такалат..."

Ушул кезге чейин батирде жашаган үй-бүлөнү жалгыз 16 жаштагы баласы багып келген. Күзүндө ал дагы оор, талаа иштерин жалданып жасап жүрүп, чөп түшүрүү маалында белин кокустатып алган. Азыркы тапта үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүгү жок.

Үй-бүлөнү буга чейин багып келген 16 жаштагы баласы 9-классты бүткөн соң жогорку билим алууну каалап апасынан окуу жайга киргизүүнү суранган. "Уулумдун бул суранычын аткара албадым. Ага окууга кирсең сага кийимди, жол кирени кантип таап берем же кайсы окуу жайга киргизиш керек экенимди да билбейм", - деп айтууга аргасыз болдум дейт каарман.

Оору, кырсык курчаган үй-бүлө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Nanei
2017-11-29 11:05:51
15миллионго ёлка алгыча ушул бала чакасы менен кыйналып жаткан эжеге жардам беришсе. Елканын акчасын кобун ансвз деле чондор ап деп сугунат
+14
APCEH
2017-11-29 13:54:41
Чубака айтыш керек 3 аял кылып алсын!)))
+2
m82
2017-11-29 11:38:27
келгиле элим журтум. кичине болсо да сооп алайлы. кичинеден да чогултсак бирдеме болот. биробуз сахар биробуз май бирообуз чай болсо да жардам болот. супер инфо уй булонгун номерин жазып жиберинизси. мен ишенем кыргыз элим четте калбайт деп. озумдун номерим 0553 130711. чалыныздар чогу жардам берейили.
+13
m82
2017-11-29 11:39:54
уйго чейин барып алып кеткенге возможность бар. кийин фото отчет жиберем. келиниз чогу жардам берейли.
+10
aiza16
2017-11-29 11:44:30
Элсом ачтыртып коюнуздар ал эжеге. Чуйдон башка облустагы адамдар акча жагынан жардам берели. Мен Оштомун
+8
alik.kg83
2017-11-29 11:55:13
Толук маалымат жазыңыздар.Номерин же аты жөнүн жазыңыздар.
+6
alik.kg83
2017-11-29 11:55:43
Колдон келишинче жардам берели.
+5
ice87
2017-11-29 11:55:48
Чубак ажы ушул эжени албаптырда.
+15
AKCAHAT
2017-11-29 12:07:12
Ушуга уйлонсун ажылар сооп керекпи мына 7 бала мн жесир. Сооптун астында гана калат.
+12
Гүлжан Асанкожоева
2017-11-29 12:14:23
Жардам берүүнү каалагандар 0555 82 75 06; 0700 73 50 65 номерлерине кайрылсаңыздар болот.
+4
Ayida
2017-11-29 12:55:37
Ар бир тундун артында аткан тан бар!Бул кундорунуз отот кетет.Иншаллах Аллахым жакшылыгын берет!
+5
dobrajelatel
2017-11-29 16:27:27
Жашоосу ото оор экен. Ушундай ден-соолугу начар адамдарга неге окмот кошумча каражат бербейт. Заман онолду дегенибиз менен минтип нанга жетпеген уй-булолор бар экен. Дунгуротуп той кылып 1000-2000$га жасалма куурчактай болгон ырчыларды чакырганча ушундай бей-бечараларга жардам беришсе го.
+1
kyrgyzstan00
2017-11-29 16:27:51
m82чизге чон ракмат!Эн чоон сооп кылып жатасыз,сизге ракмат.Колумдан эле келсе кана...Сизге Аллаh жар болсун!!!!
0
Nazaroff1974
2017-11-30 07:52:09
Толук координата,адреси кай жерде экен,же телефон аркылуубу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан