Сокулук РИИБинин башчысынын милдетин аткаруучу болуп Азамат Ногойбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Азамат Ногойбаев 1980-жылы жарык дүйнөгө келип, 2002-жылы ИИМдин академиясын аяктаган. Ал ички иштер органдарында 1997-жылдан тарта иштеп, бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган.
- Биричи Май РИИБинин кызматкери;
- Ленин РИИБинин Кылмыш-издөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Жайыл РИИБинин башчысынын орун басары;
- ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы жана коррупция бөлүмүнүн башчысы;
- ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары;
- ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын башчысынын орун басары;
Айта кетсек, Азамат Ногойбаев мурдагы ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин уулу.
Болотбек Ногойбаев Свердлов РИИБинин, Ош ОИИБинин башчысы жана башка бир катар кызматтарда иштеп, 2007-2008-жылдары ички иштер министри болгон. 2016-жылдын декабрь айында оорудан улам каза болгон.
Андан сырткары Сокулук РИИБинин башчысынын орун басарлары болуп, Амантур уулу Марлис жана Кеңешбек уулу Олжобек дайындалышты.
Айта кетсек, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткен. Алар “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип кармалышкан. ИИМдин жана Чүй ОИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлери качып кеткен кылмышка шектүүлөрдү издөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Ал эми Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланган болчу.
Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан 28-ноябрга караган түнү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен 4 жарандын экөө, тактап айтканда, Бакыт Дилдешов менен Рамиль Базаркулов кармалган.
Жогорудагы факт боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы иликтөө жүргүзүп, Сокулук РИИБинин башчысы жана анын орун басарлары ээлеген кызматтарынан бошоткон.