Өкмөткө караштуу монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмү Нарын шаарындагы борбордук базарда жеке ишкерлер тарабынан сатылып жаткан көмүрдүн баасын жөнгө салууда. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-28-ноябрда базарда көмүр саткан жеке ишкерлер менен жеринде жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 250 сомдон сатылып жаткан 1 кап көмүрдүн баасы 200 сомго түшүрүлгөн.
Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмүнүн башчысы Данияр Үсөновдун маалыматына ылайык, учурда ар бир аймакта көмүр кенинен чыккан баасы, жол чыгымдары, пайдасы эсептелинип көмүр баасы бекитилип жатат. Бекитилген баадан кымбат саткан ишкерлерге административдик жана башка тийиштүү чаралар көрүлөт. Ал эми Нарын шаардык мэриясынын жооптуу кызматкери Эсентур Өмүралиев билдиргендей, базарда өз алдынча көмүр саткан жеке ишкерлерден сырткары Нарын шаардык мэриясы тарабынан жеке ишкерлер менен биргеликте шаардын аймагында 3 кампа уюштурулган. 28-ноябрга карата кампаларда 260 тонна көмүр бар. Булар РТС аймагында (эски РТСтин короосу), Ленин көчөсү №104 короосунда, Жаӊы-Жол аймагында жайгашкан.