Бүгүн, 29-ноябрда Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 198-246-чакырымдарында кар көчкү түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн тоолуу райондорунда, ошондой эле Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Андан сырткары жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Буга байланыштуу аталган аймактан өтүүдө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керектигин эскертет.