Парламент комитетинде авиабилеттердин баасын арзандатуунун жолдору тууралуу талкууланды

Кечээ, 28-ноябрда парламенттин тийиштүү комитетинде авиабилеттердин баасын арзандатуунун жолдору тууралуу талкууланды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, комитеттин көчмө жыйыны “Манас” эл аралык аэропортунда өттү.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына өлкө ичиндеги авиакаттамдардын билетинин баасы туруксуз болуп, өтө эле кымбаттап кетип жаткандыгы боюнча шайлоочулар тарабынан бир катар кайрылуулар түшкөн.

Авиакомпаниялардын жетекчилеринин айтымында, күн мурунтан алынган билеттер убактысынын узактыгына жараша 1500 сомдон 2500 сомго чейинки баада сатылат. "Ал эми бүгүн-эртең учабыз дегендер зарылдыгына жараша билеттерди 4 миң, айрым учурда андан да кымбат баада сатып алышат. Бирок мындай кымбат баада сатылган билеттердин пайыздык катнашы, авиакомпаниялардын жетекчилеринин айтканына караганда, жалпы сатылган билеттердин 2,3 же андан да төмөн 0,8 пайызды түзөт”, - деп жазылат маалыматта.

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров авиабилеттердин өздүк наркы 20 пайыздан жогору кескин кымбаттабаса, мыйзам ченеминен чыккан баа бычуу катталбаса кийлигишүүгө негиз жок экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаттары авиабилеттердин баасын турукташтырууга, билет баасынын кескин кымбатташына жол бербөөгө чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-29 09:10:29
1000 сом кылсаныздар
0
Bars88
2017-11-29 09:40:51
Ошондо кандай болду.Мындан ары кымбаттатпагыла ушу баада сата бергиле дегениби.
+1
Paolo
2017-11-29 17:24:23
Талкууга алынып эле келатат арзандабайт го
0
adjo_krsu
2017-11-29 18:54:06
Эл учун деп, бааны 1500 сомдун тегерегине караштырса го. А Депутаттар эшектин тушоосун чече албаган эле, баш оорулар. Буларда бети мн берки жагы бирдей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан