Сапар Исаков "Центерранын" жетекчилиги менен жолукту

28-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков “Центерра Голд Инк.” компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда биргелешкен кызматташуунун келечеги жана учурдагы абалы талкууланды.

Өкмөт башчы кыргыз тарап ири акционер катары компаниянын туруктуу иштешине жана өнүгүшүнө кызыкдар экенин белгиледи. “Өкмөт биргелешкен натыйжалуу кызматташтыкка жана “Кумтөр” кенине, ошондой эле компанияда иштеген Кыргыз жарандарына жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр”, - деди Исаков.

Премьер-министр "Центерра Голд Инк." менен стратегиялык келишим алкагында жакынкы арада Улуттук онкологиялык борборду заманбап медициналык жабдуу, ошондой эле компания 50 миллион долларды инвестициялоочу Ысык-Көлдөгү тазалоочу жайларды орнотуу боюнча даярдык иштер башталарын канааттануу менен белгиледи.

Сапар Исаков канадалык компания жетекчилигине өлкөдөгү ири социалдык долбоорлорду колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары премьер-министр белгилегендей, “Кумтөр Голд Компани” жогорку жетекчилик курамды кайрадан карап чыгуу жана өлкө жарандарын дайындоо тууралуу өкмөттүн сунуштамасын аткарды. Бүгүнкү күндө компаниянын беш директорунун үчөө – Кыргыз жарандары.

«Центерра Голд Инк.» компаниянын аткаруучу директору Скот Перри кыргыз тарапты президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүсү жана жаңы мамлекет башчынын кызматка киришүүсү менен куттуктады. Ал «Центерра Голд Инк.». компаниясы менен мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн саясий багытын улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Скот Перри компания кыргыз тарап менен келечекте кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Центерра Голд Инк.» компаниясын мындан ары өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулап, анын активдерин кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан